КМШ өлкөлөрүндө коронавирустан көз жумгандардын саны дүйнө жүзүнө салыштырмалуу 5 эсе аз

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында көз жумгандар КМШ, Украина жана Грузияда дүйнө жүзүнө салыштырмалуу 5 эсе аз. Азыркы тапта 18 миң 500 адам ооруп жаткан болсо, көз жумгандардын саны 1,13 пайызды түзөт. Ал эми дүйнө жүзүндө болсо 6,1 пайыз.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинде вирусту эң көп жуктургандар Орусияда - 10 миң 131 адам, экинчи орунда Украина - 1 миң 892. Андан кийин Молдова - 1 миң 289, Беларусь өлкөсү - 1 миң 286, Азербайжан - 926, Армения - 921, Казакстан - 781, Өзбекстан - 582, Кыргыз өлкөсү - 298, Грузияда - 218. Ал эми Түркмөнстанда коронавирус жуктурган адамдар каттала элек.

Жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн баарында көз жумгандардын саны 1,5 пайыздан ашпайт, бир гана Молдовада 2,25 пайызга жеткен.

Азыркы тапта көз жумгандардын көп саны Францияда 14,4 пайыз. Италияда 12,37 пайыз, Улуу Британияда - 12,26 пайыз, Бельгияда - 10,1 пайыз, Испанияда - 10 пайыз, Иранда - 21 пайыз, Швецияда - 8,68 пайыз жана Бразилияда - 5,27 пайызды түзөт.

АКШда болсо көз жумгандардын саны 3,56 пайызды түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2020-04-10 11:37:18
БЦЖ окшойт
+1
nnn.sss
2020-04-10 23:16:50
Sakubek,оба ошондон го деп атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан