Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
"Карантин убагында кылмыштуулук төмөндөдү. Киши өлтүрүү, киши тоноо сыяктуу кылмыш иштери катталган жок. Эл ички иштер органдарынын айткандарын угуп, аткарып жатышат. Ал эми зордук-зомбулук кескин төмөндөдү. Мурда суткасына бир же эки окуя катталчу", - деди Нурдинов
"Бизге сатуучулар 4 айда сатылбаган ун он күндө сатылып кетти деп айтышты. Азыркы учурда айылдарга дагы акысыз ундар таратылып жатат. Дүкөндөрдө ун жетиштүү", - деди Жылкыбаев.
"Умрага баргандардан коронавирус чыгып жатат. Эми ошолорду жөнөткөн турфирмаларга кандай жоопкерчилик каралат?" деген суроого комендант Малик Нурдинов жооп берди.
"Бул маселе боюнча атайын кызматкерлер иш алып барышууда. Бул азыр эле жооп бере калчу учур эмес. Илдеттен өлкө айыккандан кийин гана ким эмне кылган, ким мыйзам бузганы каралып, атайын баа берилет", - деди ал.
"35 миң 150 үй-бүлө жардам алды. Жеке ишкерлерибиз тарабынан азыр облуска 1 жарым тонна ун, 11 тонна макарон келди. Азыркы учурда дагы жардамдар берилип атат", - деди Жылкыбаев.
Ундун баасы 1800 сомдон болуп жатат деген суроого комендант финполго кайрылышы керек экенин билдирди.
"Пенсияларды айылдарга почта кызматкерлери жеткирип берүү иши башталды", - деди Жылкыбаев.
"Айылдарда айдап себүү иштери активдүү жүрүп жатат. Аларга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Ошондой эле гуманитардык жардамдар убагында берилип жатат", - деди Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.
Коменданттык саатты 6 адам бузган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп коё берилди. Жалпысынан абал туруктуу.