Легендарлуу Кытай жана Голливуд актёру Жеки Чан коронавирус менен күрөшүп жаткан казак элин колдоо иретинде видеокайрылуу жасады. Актёрдун кайрылуусун Казакстандын президентинин кеңешчиси Ерлан Карин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Видео кайрылууда актёр: "Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Биз сөзсүз "жаңы вируска" каршы күрөштө жеңишке жетебиз. Казакстан, күчтүү бол! Биз биргебиз" деген.
Ал эми видеону жарыялаган президенттин кеңешчиси бул кайрылуу легендарлуу актёрдун казак элине болгон ыраазычылыгы экенин белгилеп өткөн.
"Февраль айынын соңунда айрым маалымат булактарында Жеки Чан коронавируска чалдыгып, ооруканага түшүп калыптыр деген кабар тараган. Ошондо казак эли анын ден соолугу үчүн тынчсызданып, актёрдун тез сакайып кетишин тилек кылышкан. Кийин бул фейк маалымат экени маалым болгон. Бирок мен казакстандыктардын Жеки Чандын саламаттыгына сарсанаа болгонун анын командасына билдиргем. Мындай кабарды уккан актёр казак элине абдан ыраазы болуп, колдоо иретинде видеокайрылуу жасоону чечкен", - деген Ерлан Карин.