Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 96-орунду сактап калды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 96-орунду сактап калды. Бул тууралуу ФИФАнын сайтына жарыяланды.

Бул рейтинг февраль айында жарыяланган мурунку рейтингден дээрлик айырмаланбайт. Бул түшүнүктүү, анткени дүйнө жүзү боюнча футбол коронавирустун айынан токтоп калды. "Ак шумкарлар" март айында эки оюн өткөрмөк:

29-мартта Вьетнам курамасы менен конокто жолдоштук беттеш;

31-мартта Мьянма курамасы менен конокто 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугу жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандап алуу оюнун өткөрмөк.

Коронавирус пандемиясынан улам Вьетнам курамасы менен болчу оюн токтотулса, Мьянма курамасы менен боло турган оюн белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуудагы биздин тайпада Япония 28-орунда, Тажикстан 121-орунда, Мьянма 136-орунда, Монголия 190-орунда. Бул командалардын бардыгы өзгөрүүсүз, мурунку орундарында калышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat17
2020-04-10 20:28:18
конечно оюндар откорулбосо эч кандай орун озгорбойт да
+2
azamat7386
2020-04-11 10:32:35
эхх,футбол ойногонду да, ТВдан коргонду да сагындым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан