Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде 265 упайы менен 125-орунга жазылды. Эске салсак, Александр Крестининдин футболчулары февраль айында 124-орунда эле.
Азия футбол конфедерациясында Кыргыз өлкөсү 16-орунда.
Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында кыргыз футболчулары менен ойной турган командалар Индия 132-орун, Мьянма 172-орун жана Макао 184-орунда жайгашкан.