Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн 17 миллиард теңге коротту. Бул тууралуу министрликтин жооптуу катчысы Ботагоз Жакселекова билдиргенин казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Жакселекованын билдиришинче, Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемияга каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик резервден 17 миллиард теңге алган. Бул каражаттардын эсебинен дары-дармектер, инфекция жуккан адамдарды ташуу үчүн капсулалар жана жеке коргонуу каражаттары сатып алынган.
Казакстанда 812 адам коронавирус жуктуруп алган. 10 адам каза болсо, 64 адам бул инфекциядан айыгып чыкты.