"Базар дагы кыймыл менен көрктүү". Ээн калган "Дордой" базарынан фоторепортаж

"Дордой" базары пандемияга байланыштуу 23-мартта жабылып, соодагерлер ишин токтоткон. Ал эми соода жайынын качан ачыла турганы боюнча базар жетекчилиги өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет деп билдирүү тараткан.

Базарда соода кызып турган учурдан көз ирмем

Ар дайым эл жык-жыйма, соода кызып турганына көз көнгөн базарды бош калат деп элестетүү эч кимдин эсине келген эмес. Ээнсиреген ири соода жайынын кыймыл жок, кунарсыз көрүнгөнүн сүрөттөрдөн улам байкасаңыз болот.

"Дордой" азыркы абал

Белгилей кетсек, "Дордой" базары 1990-жылдары түптөлүп, бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келүүдө. Ал Борбор Азия мамлекеттеринин ичиндеги эң ири соода комплекси болуп саналат. Жалпы аянты 100 гектар аянтты ээлеп, анда 40 миңден ашуун соода орундары бар.

Базардын бийиктен көрүнүшү

Расмий маалыматтар боюнча базарда 55 миңден ашуун адам эмгектенет. Базар жылда бир гана 1-январь күнү эс алып, жылдын башка күндөрү тынымсыз иштеп келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2020-04-05 10:26:24
Сабыр кылалы мекендештерим Аллах буюрса мурунку бактылуу күндөр да келээрине аз калды
+14
Usow
2020-04-05 11:16:16
Тооба кылалы бул да болсо Аллахтын бизге берген эскеруусу. Сабыр кылалы
+7
gulam
2020-04-05 21:30:24
15ге чейин кысып тартипти сактап үйдө отурсаңар, көчөдөда ээн эркин жүрүп калабыз буюрса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан