Президент Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

3 жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынат (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 жарлыкка ылайык, 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2238 адам кайрылышкан (1721 — чоң адамдар жана 517 — балдар).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан