ЭЛДИК КАБАР: "Кум, майда таш, атүгүл курттар..." Бишкектин четиндеги Ала-Тоо совхозунун жашоочулары карантин маалында таза эмес суу чыгып жатканына нааразы

Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Ала-Тоо совхозунда 20 жылдан ашуун убакыттан бери таза суу маселеси чечилбей келет. "Сууну балдарга бергенден коркобуз. Кум, майда таш, атүгүл курт аралашкан сууну ким ичет? Азыр эми карантин маалында эч жакка чыга албай абалыбыз ого бетер оорлошту" деп аталган совхоздун жашоочулары SUPER.KG порталына билдиришти.

"Бир нече аптадан бери ушундай суу чыгып жатат. Мындай көрүнүш күз мезгилинен жаз айы келип, ал бүткүчө кайталана берет. Ал эми жай келип, күн ысыганда суу тазарат, бирок анда курттар чыга баштайт. Ошондуктан айрымдары "Супарага" барып суу ташып келсе, айрымдары шаардан тазаланган суу сатып алып келишчү. Азыр эми карантин маалында шаарга байма-бай чыга албай калдык. Камалып, таза суу жок айла таппай эле отуруп калдык.

Албетте, биздин көйгөй жаңы эле пайда болгон жок. Бул жакта көп жылдан бери жашагандар таза суу маселеси ар дайым көйгөй жаратып келгендиктен, бир нече жолу өкмөткө кайрылышканын айтышат. Буга байланыштуу биздин айыл өкмөтүбүзгө каражат бөлүнүптүр. Бирок акчалар кайда кетип жатканы белгисиз. Суу бир нече жылдан бери баягыдай эле. Бул сууну балдарга бергенден коркобуз. Жашоо үчүн өтө коркунучтуу экенин сүрөттөн деле көрүнүп турса керек. Жакында карантин бүтсө, бул суунун пробасын лабораториялык текшерүүдөн өткөрөлү деп турабыз. Мурун түрктөр бизге боору ооруп, жалпы насостуу суу колонкасын орнотуп беришкен. Бирок ал жактан деле кээде таза эмес суу чыгат. Айталы дегенибиз, өкмөткө бир нече жолу кайрылдык, алар акча бөлүнүп жатат деп коюшту. Макул бөлүнүп жатыптыр. Анда акчалар кайда? Бишкектен анча деле алыс эмес жайгашканбыз. Суу өмүрдүн булагы дешет. Кыргыз өлкөсүндө болгондо да Бишкек шаарында ушундай суу чыкканына таң калгандар көп.

Ошондуктан биз Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Ала-Тоо совхозунда жашаган тургундар жалпы журтка дагы кайрылгыбыз келет. Биз азык-түлүк же материалдык жардам сураган жокпуз. Бизде таза суу маселеси чоң көйгөй жаратууда. Балдарыбыздын ден соолугу үчүн, жашоосу үчүн кооптонуп жатабыз. Андыктан үнүбүздү өйдө жакка жеткиргенге жардам бергиле, силерден аябай суранабыз!" - деп кайрылышат совхоздун жашоочулары.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakura715
2020-04-13 12:53:38
Ужжас,бул суу менен даже жуунгун келбейт го,шылтоо эмнеде болду экен эми
+1
katerina.li
2020-04-13 13:16:54
Sakura715,акчаны жеп коюшат да. Болгон соз ошол
+1
katerina.li
2020-04-13 13:16:33
Самын суудайго. Кыргызстан таза суунун мекени деп мактаналбай калдыкго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан