Бүгүн, 12-апрелде түз эфир учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге "Азыркы тапта министр болуп эмгектенип жаткан Сабиржан Абдикаримов кызмат ордуна дайындалганга чейин Жалал-Абад облусунда координатор болчу. Ал 14 күн карантинде жаттыбы?" - деген суроо узатылды.
Бул суроого министрдин орун басары төмөндөгүдөй жооп берди.
"Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна 2 жолу анализ берди, натыйжасы терс чыкты. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде болуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошондуктан министр кызматына киришкен. Жакында биз да анализ бердик, вируска карата терс натыйжа чыкты", - деди Каратаев.