Өлкө аймагында 55 миңге чукул адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Акыркы сутка ичинде 6 миң 295 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 4 миң 99 адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Ал эми 2 миң 199 киши экинчи доза менен эмдөөдөн өттү.

Өлкө аймагында жалпы 54 миң 101 адам эмдөөдөн өттү.

Маалымат үчүн:

Республика боюнча эмдөө кампаниясы 29-мартта башталып, алгач саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан