Тамада жана куудул Эрнест Бөрүбаев коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин учурунан бери муктаж болгон же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келе жатат. Ал жарандарга жардам эле берип калбастан алардын абалын чагылдырган видеолорду социалдык тармактарга жүктөп, элдин ушундай катмары бар экенин айтып, калкка, бийликке жеткирүүдө. Бөрүбаевдин бул кадамына ыраазы болуп, бата берип, алкыш айткандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Аны 6-майда Кыргыз өлкөсүнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабыл алды. Министр тамаданын жасаган иштерине ыраазычылык билдирип, ага алкыш баракчасы менен кошо мекеменин коомдук кеңешчиси экенин тастыктаган күбөлүк тапшырды.
"Наристеси менен жолдо калган же кош бойлуу аялдардын жалпы эле коомдун аярлуу катмарларын коомго жакшы жеткирип берип жатасың. Уктап жаткан коомчулукту ойготуп, ушул ишке салып койдуң. Министр катары, бул маселелерге жооптуу адам катары терең ыраазычылык билдирем. Сени менен иштешкибиз келет. Биз айтсак дагы, айтпасак дагы бул ишти кылып жатасың. Ошондуктан туура көрсөң коомдук кеңешчи деп сага күбөлүк тапшырууну туура деп жатам. Мындан ары кеп-кеңеш, акыл күтөбүз. Тарткан видеолоруң, андагы тагдырлар чынында жүрөгүмдү оорутту", - деп билдирген Бөрүбаевге күбөлүк тапшырып жатып Улукбек Кочкоров.