Карантин ар кандай окуяларга себеп болуп жатат. Айрыкча ата-энелер мектепке барган балдарынын үйдө отурганына көнө алышпай, мугалимдердин түйшүгүн сезип жаткан учур. Карантинди жакшылыкка жоруп, "табият эс алсын", "ушул эле керек болуп жаткан", "чыгынбай жаткан жумуштарды бүтүрүп алууга себеп болду" деген сыяктуу пикирлер эл арасында айтылып жатат. Ошол эле учурда "биз тузаксыз тушалдык, камалып калдык" деп кыжыры кайнап жаткандар да жок эмес.
Чынында акыркы күндөрү үйдөн нан жасоо деген унутулуп, бирге чогулуп сүйлөшүү, бала менен бирге сабак окуу сыяктуу иштер соолгундап кеткенин коомго көрүнүктүү адамдар айтып келе жаткан. Ал эми азыркы күндө дээрлик дүйнө жүзүндөгү элдер үйдөн чыкпай, карантинде отурушат.
Окуучулар үйдөн дистанциялык негизде онлайн окууга өтүштү. Бул албетте, кээ бири үчүн күтүүсүз болгондуктан түшүнбөстүктөр орун алууда. Бирок ал түшүнбөстүктү трагедия деп айтууга болбойт. Бул тууралуу ар кандай видеолор интернет желелерине тарап, мугалимдердин түйшүгү оор экенин далилдеп жатат. Ал гана эмес өз баласына мугалимчелик чыдап, мамиле жасай албаган ата-энелер болууда. Биз позитивге жетелеген айрым видео, сүрөттөрдү топтодук.
Бул видеолор популярдуу болуп, аны бөлүшкөндөрдүн саны да өсүп жатат.