2021-жылга кадам таштаарыбыз менен коронавирустун жаңы түрү (демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу) дүйнөгө жайылып жатканы жүрөк оорута турган жагдай болду. Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жеткенин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кулак кагыш кылууда. Айрым өлкөлөрдө карантиндик чаралар күчөтүлүп, элди COVID-19 илдетинен сак болууга чакырып жатышат.
Мындан улам SUPER.KG порталы чет жерде, тагыраагы учурда Түштүк Кореянын Сеул шаарында эмгектенип жүргөн мекендешибиз Бейшен Токтоназаровдон аталган өлкөдөгү абал боюнча сурап көрдүк.
"Вирустун жаңы түрү Түштүк Кореяда катталганы айтылып жатат. Акыркы бир айдын ичинде илдетти жуктургандардын саны көбөйдү. Буга корей өкмөтү, адам көп барган жерлерди 3-январга чейин жаптырган болчу. Азыркы тапта кайрадан мурунку калыбына келди, бирок өкмөт айтылган эрежелерди бекем сакталышын көзөмөл кылууда. Көчөдө бет капсыз жүргөндөргө айып салынып, 5 адамдан ашык чогулгандарга тыюу салынууда.
Ашкана, чач тарач, ооруканага окшогон жерлерге жашаган дарек, телефон номер, аты-жөнүбүздү жазып, дене табыбызды өлчөп, анан киргизип жатат", - деди Кореянын Сеул шаарында эмгектенип жаткан мекендешибиз Бейшен Токтоназаров.
Азыркы учурда Түштүк Кореяда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 65 миң 818 болсо, айыгып чыккандардын саны 46 миң 995 болду. Ал эми каза болгондордун саны 1027.
Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.