Коронавирус тууралуу жаңылыктарды уккуңуз келбей калган чыгар... Интернет жылдызына айланган Жумалинин аткарган чыгармасын угуңуз

Акын, обончу Ишенбек Мухтар уулунун калемине таандык "Жүрөк сыры" аттуу ырды кичинекей балакай көзүн жумуп, берилүү менен ырдаганы көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, угармандардын жүрөгүн элжиреткени эсиңизде чыгар. Кийинчерээк "Супер-Инфо" гезити видеодогу таланттуу бала Кара-Кулжа районунун Сары-Күңгөй айылында тоо койнунда чоңоюп жаткан Жумали Досбаев экенин билип, анын өзү жана апасы менен маектешкен.

Азыркы тапта да сөзү Төлөгөн Мамиевге, обону Тургуналы Нурматовго таандык "Зар болдум" аттуу ырды жаш таланттын аткарып жатканын чагылдырган видео социалдык тармактарга тарады. Анда дээрлик бардык угармандар Жумалини алкап, мактап жатышат.

Биз сиздерге Жумалинин буга чейин аткарган ырларын дагы тизмектеп беребиз. Бал тил баланын аткаруусундагы ырларды угуп, жан эргитиңиз.

Жумали Досбаев: "Зар болдум"
Жумали Досбаев: "Жүрөк сыры"
Жумали Досбаев: "Жүрөк сыры"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bema_bema
2020-04-13 01:44:07
Молодец иий жаным сонун ырдайт экен,омурун узуун ,келечегин кен болсун.
+5
Gulya78
2020-04-13 04:36:41
Үнү сонун экен,азамат бактылуу бала болсун.
+5
bond02
2020-04-13 09:24:55
Омурун берсин, тоонун баласы да.
+4
Krai
2020-04-13 10:11:16
Молодец иним каракулжалык өзүмдүн жердешим экенсиң өмүрүн узун болсун иним келечектеги жана турган чооң жылдызсың
+2
Arstan18.18
2020-04-13 12:32:16
Атыда соонун ат экен
+1
Tazah
2020-04-14 01:59:55
Ээ садагаболойун унунон сенин келечегин кен болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан