ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Сууда КамАЗ жол боюндагы дүкөндү сүзүп, бир аял каза болуп, эки уулу ооруканага жеткирилди" дейт окурман

"Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда кечээ, 12-апрелде КамАЗ үйдү сүзүп токтоп, бир аял каза болуп, эки уулу ооруканага түштү" деп билдирди "Элдик кабарга" бөлүмүнө окурман.

Маалыматка ылайык, окуя Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында болгон.

Окурмандын айтымында, каза болгон аял 54 жашта. Ал жолдун боюнда дүкөн иштетчү. Кырсык болгон убакта ал дүкөндө балдары менен болгон.

"КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай калып, Хонда Фит унаасын сүзүп, андан ары дүкөндү сүзүп токтогон", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beka19
2020-04-13 12:21:38
Ооба кечээ эрте менен болду биздин айылда, эже жаткан жериңиз жайлуу болсун(
0
Nemo_0587
2020-04-13 17:15:00
Камаз сүзүп көз жумуптур бул эже, короновируска шылтап койбогула дагы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан