Орусиядан 3 жарандын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлдү

11-апрелде Новосибирск аэропортунда калып калган 136 Кыргыз жараны жатаканага жайгаштырылып, ысык тамак-аш менен камсыздалды. Арасында медициналык жардамга муктаж болгон 4 жаранга менчик медициналык борбордон тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик каттамы болбой калгандыгына байланыштуу мекендештерибиз аэропортто калып калышкан. Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облусундагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргыз өлкөсүнүн миссиясынын каржылоосунун негизинде жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда башкы консул Кыргыз өлкөсүндөгү коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге аба каттамдары болбой тургандыгын кабарлады.

Ошону менен бирге 11-апрель күнү каза болгон 3 Кыргыз жаранынын сөөгү ("Жүк-200") Казакстан аркылуу унаа менен мекенге жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы курамында күн-түн режиминде иш жүргүзүп жатат. Керектүү консультацияларды +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talaa11
2020-04-13 12:07:52
Эмне болуп каза болушту биздин уч жараныбыз ошону жазып койбойсунарбы?
+19
aslonur
2020-04-13 13:19:40
Кун тун иштесе анан машинада жонотобу маркумдарды?!
-2
BoDiNur
2020-04-13 17:43:59
Эмне болуп каза болушкан ошону жазгылачы
+2
munar1980
2020-04-13 22:41:26
Эми кызык элесинер да Не болуп олду деп Ажалы жеткен экен Аллахым озу жараткан пендесин озу алды жаткан жери жайлуу болсун дегенибиз жакшыраак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан