21-марттан баштап Жалал-Абадда азык-түлүк саткан базарлар иштей берет

Эртең, 21-марттан баштап, Жалал-Абад шаарында азык-түлүк базарлары иштей берет. Ал эми кийим-кечек саткан базарлар, соода түйүндөр иштебейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Калаадагы тамактануучу жайлар кечээтен баштап жабылган. "Нооруз", "Шабдалы-Зар", "Мадумар-Ата" базарлары, "Береке" базарынын кийим саткан бөлүгү эртеңден баштап 3 аптага убактылуу иштебейт. Кырдаалды туура түшүнүп, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпаңыздар", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 20-мартка карата коронавирус дагы үч жарандан аныкталган. Алар Ноокат районунун тургундары, умра сапарына барып келгендиги белгилүү болду. Учурда изоляцияга алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан