Казакстанда бир суткада 72 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик комиссиясынын ыкчам штабы маалымат таратты.
6-майга карата Казакстан боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4277ге жетти. Анын арасынан 1279 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 29 бейтап каза болгон.