Жогорку Кеңештин жыйыны 15-апрелде өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, жыйын саат 10:00дө башталат. Азырынча күн тартибинде эмне маселе каралары белгисиз.
Жыйында өзгөчө абал режими тууралуу маселе талкууланышы күтүлүүдө.
25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.