АКШнын президенти Дональд Трамптын жакын досу, миллиардер Станли Чера Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Станли Чера жана анын аялы март айынын аягында коронавирус менен ооруп башташкан. Аялы айыгып чыккан, ал эми Чера дарыгерлердин аракет кылганына карабай каза болуп калган. Брифинг учурунда президент "Менин эң жакын деген досторум ооруп жатышат. Алардын бири эс-учун жоготуп комада", - деп айткан.
Чера Бруклиндеги жана Манхеттендеги көптөгөн имараттардын ээси. Анын байлыгы 5 миллиард 600 миллион доллар деп бааланган.