Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун сөөгү "Ала Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 7-июлда "Ала Арча" көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат.
"Учурда ага даярдыктар көрүлүп жатат. Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө. Депутаттын сөөгү саат 14:00дө жерге берилет", - дейт Ибраим Нуракун уулу.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков кечээ, 6-июлда пневмониядан улам каза болгон. Анын өмүр баяны тууралуу ушул шилтемени басып өтүп, окуй аласыз.