
Өзбекстанда коронавирус менен жабыркаган алгачкы адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коңшу өлкөдө 72 жаштагы коронавирус менен ооруган аял каза болду. Анын өлүмүнүн себеби инфаркт болгон.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, алгач 15-мартта Франциядан келген жарандан коронавирус аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 75ке жетип, анын 11и медицина кызматкерлери экени маалымдалган.