"Дарыгерлер 2-3 күндүн ичинде жеке коргонуучу каражаттарды алышат". Лейлектеги ооруканада иштеген дарыгердин кайрылуусуна министрлик жооп берди

13-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгер видео кайрылуу жасаган. Анда ал 70 кызматкер иштеген ооруканага күнүгө бейтаптар келерин, бирок бир дагы дарыгердин коргонуучу каражаттары жок экенин айткан.

Бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев дарыгерлерге тиешелүү каражаттарды жеткирүү техникалык себептерден улам кармалып калганын айтты.

"Баткен облусуна чоң көлөмдөгү коргонуучу медициналык каражаттардын партиясы жөнөтүлдү. Менимче, дарыгерлер 2-3 күндүн ичинде тиешелүү каражаттардын баарын алышат. Мындай коргонуучу каражаттар республиканын бардык облустарына жөнөтүлдү. Чет өлкөлөр тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдар аркылуу жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү болуп калды", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Safiya91
2020-04-14 12:36:00
Качан видео кайрылуу жасаганда машине жоноп кетет. Ага чейин турат кезек кутуп ким видео вызыв менен салат деп))).
+1
tina-Tin
2020-04-14 12:45:12
Качан кеч болуп калып,ыйлап кайрулуу жасаш керекпи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан