Өкмөттө пандемиянын экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-аракеттердин планы талкууланды

Өкмөт кезектеги жыйында күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын болушу мүмкүн делген экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-аракеттердин планын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Акылбек Осмоналиев жетектеген мекемелер аралык жумушчу топ жогоруда аталган даярдык көрүүнүн чараларынын планын иштеп чыкты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев белгилегендей, план саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, профилактикалык жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүгө, кадрдык дарамети күчтөндүрүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган чаралардын 4 блогун өзүнө камтыйт. Пландын долбооруна киргизилген иш-чаралардын баардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды. Аракеттердин басымдуу бөлүгү 2020-жылдын күз мезгилинде жүзөгө ашырылууга тийиш.

Маанилүү иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:

  • тез курулуучу 3 инфекциялык оорукана - Бишкек шаарында (100 орундуу), Нарын (70 орун) жана Ош (100 орун);
  • аймактарда 9 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо жана багытын өзгөртүү;
  • жаңы инфекциялык ооруканаларды жабдуу жана ремонттолгон мекемелерди медициналык жабдуулар жана башка каражаттар менен камсыз кылуу;
  • саламаттыкты сактоо уюмдарына борборлоштурулган суюлтулган кычкылтек системин жана 29 мекемеге газификаторлорду орнотуу;
  • «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн "Тез жардам" унааларын сатып алуу;
  • медициналык жайлардын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк банктын 2 долбоорун, Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорун, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун жүзөгө ашыруу;
  • саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу;
  • коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары каражаттарынын стратегиялык корун түзүү;
  • коронавирус инфекциясын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо ыкмалар тууралуу калкка маалымдоо боюнча иш алып баруу;
  • коронавирус инфекциясы менен ооругандардын диспансеризациялоо жана реабилитациялоо системин түзүү;
  • COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө ишке тартылган медицина кызматкерлерин реабилитациялоо боюнча иштерди уюштуруу;
  • медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү;
  • орундарды эсепке алуу боюнча маалымат системин, "Телемедицина" жана башка системдерди түзүү.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын күз айларында COVID-19 коронавирус инфекциянын мүмкүн деп айтылып жаткан экинчи толкунуна ийгиликтүү каршы турууга мүмкүнчүлүк берген пландаштырылган иш-чаралардын бардыгын натыйжалуу жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Мен мамлекеттик органдардын жана облус жетекчилеринен күз мезгилине карата иш-чаралардын планын толук кандуу жана сапаттуу жүзөгө ашырууну талап кылам. Силердин бул кадамыңардан элдин өмүрү жана ден соолугу көз каранды. Берилген тапшырма кечиктирилбестен, өз мөөнөтүндө аткарылышы керек", - деди өкмөт башчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан