Баткен облусунда изоляция үчүн 366, обсервация үчүн 766 орун даярдалды

Баткен облусунда изоляция үчүн 366, обсервация үчүн 766 орун даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул үчүн аймактык ооруканалардын, жатак мектептердин, көмөкчү мектеп интернаттарынын, лицейлердин, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун имараттары пайдаланылууда.

Облуста коронавирус илдетин жайылтпоо максатында өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар обсервацияга алынып, медициналык кароо жүргүзүлгөн соң, анализи таза болсо, үй карантинине жиберилүүдө. Азыркы учурда келген жарандардын агымы азая элек. Мындан улам обсервацияга кошумча орундарды даярдоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

Обсервацияга алынган жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, улуттук "Кызыл жарым ай" коому тарабынан тамак-аш, бир жолу колдонулуучу идиш-аяктар, гигиеналык каражаттар менен камсыз болууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-04-03 22:49:03
текшере тургандарды текшерип жата тургандарды жаткызып элди уй камактан бошоткула
0
abusait
2020-04-04 07:58:51
Эмне мынча коп ? Ошончо адамга оору жугат бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан