Карантин бүткөнгө чейин кайсы жайлардын иши жанданбайт? Тизме

Бүгүн, 14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси жарыяланды. Алар:

- Балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
- Мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанциялык режимде улантат;
- Оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Ал эми азык-түлүк дүкөндөрү жана күнүмдүк жашоого керектүү товарлары сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат деп кабарлады республикалык штабдан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sirenaaaaa
2020-04-14 15:52:27
Ошондо эмне кылып жашагыла деген оюнар бар
+4
sarbo
2020-04-14 16:33:50
sirenaaaaa,бир нерсе бышырып саткыла деген
+7
vikidiki
2020-04-14 17:56:23
sarbo,Ошо Бир нерсе жасап сатканга да азык -тулук керек да. Сатып чыксан да кобу албайт.
+3
Kitep
2020-04-15 11:01:33
sirenaaaaa,Эл эмгегин жер жебейт,дейт.
Азыркы кырдаалда дыйканчылык ачка калтырбайт окшойт.Дыйканчылыкты онуктуруш керек.
+2
Anarik87
2020-04-15 08:55:07
Азык тулук кундон кунго кымбатап баратат эмне болот
0
Dembele84
2020-04-15 10:48:48
Anarik87,чыдап кой
0
Kitep
2020-04-15 10:58:05
Anarik87,бизде эле эмес дуйнодо азык тулук кымбаттап жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан