Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү адашты. Ал айткандай Майлуу-Суу шаарына 2 миң эмес, 2 тонна гуманитардык жардам таратылган

Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын беришкен. Анда облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтар айтылып, өкмөт өкүлдөрү жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Жыйын учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Майлуу-Суу шаарынынын тургунунун суроосуна жооп берип жатып мамлекет тарабынан облуска берилген жардам тууралуу билдирген. Ал "Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам мамлекет тарабынан бөлүнүп берилди. Ал эми 2 миң тонна гуманитардык жардам Майлуу-Суу шаарына берилип, ал шаардагы муктаж адамдарга таратылган", - деп билдирген жыйын учурунда.

Мындан улам көрөрмандарда берилген жардам өзү 2 миң тоннага жетпей жатса, анда Майлуу-Суу шаарына кайсы 2 миң тонна жардам таратылды деген суроо жаралган.

Анткени азыркы тапта журналисттерде маалыматты жеринен тактоо мүмкүнчүлүгү жок. Бул боюнча өкмөт өкүлүнүн жардамчысы Мирзахмедов сандан адашып калганын билдирди.

"Майлуу-Суу шаарына 2 тонна гуманитардык жардам берилген, аны 2 миң тонна деп адашып айтып алган" деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2020-04-14 19:12:23
Туура эле бизде окуй албаган суйлой албагандар тамга тааныбагандар депутат губернатор министр болот.
+4
AksyKum
2020-04-14 19:15:03
Мейли болуп турат болуп эле жатат Эл баарынын кечирип эле жатат.мырк десенда карангы деседа сасык деседа кечирип эле жатабыз.кечиреберебиз бирок бардык нерсенин Оз олчому жакшы.катанында адашкандында создунда кечируунунда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан