Дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясынан коңшу Өзбекстанда 15-бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, коронавирус оорусунун курмандыгы 63 жаштагы аял болгон. Ал 30-майда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, жыл башында каза болгон бейтап инсульт алган. Каза болгон аял Ташкент шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясы жалпы 3 миң 583 адамдан аныкталса, 2 миң 837 бейтап айыгып чыкты.