Кытайдан өлкөдөгү дарыгерлерге жардам берүү үчүн медицинанын 15 кызматкери келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында айтты.
Ага депутаттар тарабынан "Өлкөгө Кытайдан тиешелүү адистер келет деп айтылган эле, бул маселе кандай болуп жатат?" деген суроо берилди. Исмаилова кытай бийлиги макул болгонун билдирди.
"Кечээ биз Кытайдын өлкөдөгү элчилиги менен сүйлөштүк. Жакын арада Кытайдын 15 дарыгери келет. Азыркы учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Исмаилова.
Ошондой эле ал кытайлык дарыгерлердин өлкөгө келишинин так күнү 1-2 күн ичинде анык болорун белгиледи.