Бүгүн, 15-апрелге карата медицина кызматкерлеринин ичинен дагы 15 адам оору жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оору аныкталган дарыгерлер:
Бишкек шаарында – 3;
Ош облусунда - 2;
Ош шаарында – 10.
Муну менен коронавирус оорусун жуктуруп алган дарыгерлердин саны 98ге жетти:
Бишкек шаарында – 33;
Ош шаарында – 28;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ош облусунда – 20;
Баткен облусунда – 2;
Чүй облусунда – 1;
Нарын облусу – 6.
Алардын ичинен:
Дарыгерлер – 27;
Орто медперсонал – 43;
Кенже медперсонал – 23;
Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистери – 5
"Бул вирус бейтап менен болгон жакын контакт учурунда жугат. Дарыгерлер бейтаптар менен жакын байланышта иштөөгө туура келип жатат. Биз азыр аларга оору жукпаш үчүн бардык коргоочу каражаттар менен камсыздоонун аракетин көрдүк. Ушул тапта оору жуктургандар бир аз азайып калды. Жакын арада жөнгө салынат деп ойлойм", - деди министрдин орун басары.