15-апрелге карата коменданттык саатта 58 жаран кармалды

15-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 58 жаран жеткирилип, 5 унаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаары - 43

Жалал-Абад шаары - 7

Ош шаары - 1

Сузак району - 4

Кара-суу району - 3

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 576 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан