Сутка чинде Орусияда 10 миң 699 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы учурлар өлкөнүн 83 аймагында катталган. Алардын ичинде ооругандар менен катнашта болгондор жана эч кандай клиникалык белгилери жоктор дагы бар.
Муну менен Орусияда коронавирус менен жалпы 187 миң 859 адам ооруп жатат. Алардын ичинен 1 миң 723 адам көз жумса, 26 миң 608 адам айыгып чыккан.