Коронавирус деп дүрбөгөндөрдү тамашалаган баскетболчу өзү да бул ооруга чалдыкты

Франциялык баскетболчу Руди Гобер мындан бир нече күн мурун маалымат жыйындын соңунда коронавируска карата дүрбөлөңгө түшкөндөрдү тамашалап, өзү андагы микрофондордун баарын бирден кармап чыккан. Аталган спортчу эми өзү бул илдетти жуктуруп алганын чет элдик маалымат булактары жазууда. Руди Гобердин коронавируска кабылганы "Оклахома" клубу менен өзү ойногон "Юта Жаз" клубунун беттешинин алдында белгилүү болгон. Ал тумоолоп, тамагы ооруп калган деп ооруканага жөнөтүлүп, ал жактан капысынан коронавирус болбосун деп кошумча ага да тест тапшырган. Жыйынтыгында Гобердин коронавирус менен ооруп калганы анык болгон.

Андан кийин Улуттук баскетболдук ассоциациясы буга байланыштуу алдыда өтө турган оюндарды токтоткон.

Коронавирусту тамашалаган спортчу өзү да илдетке кабылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ninja82
2020-03-12 22:54:08
ошон учун тооба кылдым деш керек,бироону табаласан озуно да тез эле келет. илгери кырк жылда келсе, азыр кырк секундда эле келет. тооба кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан