
Коронавирус жуктуруп алуу коркунучу гигиенаны сактоо менен гана эмес адамдын мээсинин иштеши менен да байланыштуу. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарына жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илдет мага жукпайт деп эсептеген адамдар башкаларга салыштырмалуу ооруга көп чалдыгышат. Психологдун айтымында, адам өзүнө коронавирус мага жукпайт деп ойлогон мезгилде, организм бул нерсеге ишенип, өзүнүн коргоочу механизмдердин иштетүүнү токтотот.
"Адам оорубайм деп эсептегенде, өзүн-өзү сактоо механизмдери иштебейт. Мындай адам өзүндө болуп жаткан оорунун белгилерин байкабай жүрө берет. Байкаса да аны жөн гана тумоо катары кабыл алышы мүмкүн. Мындан улам ал өзү гана оорубастан, аны башкаларга жуктуруп жүрө берет. Бул учурда оору өөрчүп кайгылуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн", - дейт адистер.