"Ухан вирусу": Коронавирустан 238 миң 506 бейтап каза болду

2-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 3 миллион 343 миң 302ге жетти. Алардын 1 миллион 53 миң 249 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 238 миң 506 бейтап каза болду.

АКШда 1 миллион 103 миң 225 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 164 миң 15 жараны айыкса, 64 миң 808 бейтап көз жумду.

Испанияда 213 миң 435 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 112 миң 59 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы, 24 миң 543 бейтап дүйнө салды.

Италияда болсо 207 миң 428 адамдан коронавирус аныкталып, 78 миң 249 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 28 миң 236 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан