Орусиянын борбору Москва шаарындагы метролордо кийинки аптадан баштап медициналык бет каптар сатыла баштайт. Бул тууралуу Москва шаарынын мэринин орун басары, борбор калаанын транспорт комплексинин башчысы Максим Ликсутов билдирген.
"Биз Москва шаарынын метролорундагы дээрлик бардык бекеттеринде медициналык бет каптарды сатууну уюштуруп жатабыз. Метродогу баа дарыканалардан жогору болбойт", - деген Ликсутов.
Сатуу келерки аптанын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү башталат. Бет каптардын керектүү саны кампаларга жеткирилген. Аларды атайын дүкөндөрдөн же кассалардан сатып алууга болот.
Эскерте кетсек, Москва шаарында абал курч бойдон калууда. 2-майга карата бул шаарда 62 миң 658 адамдан инфекция аныкталды. 695 адам каза болсо, 6 миң 374 бейтап айыгып чыкты.