Бүгүн, 15-апрелде парламентте Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Экмат Байбакпаев мыйзам ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыкканын айтты. "Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ун чыгаруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгын алып салып, мурункудай салыктык жеңилдиктерди калыбына келтирүү максат кылынууда", - деди Байбакпаев. Мыйзам долбоорунда буудайга кошумча нарк салыгын 2025-жылдын 1-январынан тарта алып салуу сунушталды.