Адистердин айтымында, коронавирус пандемиясынан улам футбол 18 ай бою күйөрмандарсыз өтүшү керек

Медициналык адистердин айтымында, коронавирус пандемиясынын кайрадан өсүү коркунучу бар болгондуктан, жакынкы 18 айда спорттук иш-чаралар, анын ичинде футбол оюндары күйөрмандарсыз өтүшү керек. Бул тууралуу АКШнын Эмори университетинин эпидемиологу Зак Бинн айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Эпидемиологиянын көз карашы боюнча, адамдар канча көп болуп чогулган сайын коркунуч жаратарын түшүнүшү керек. Эгер беш адам болуп чогулса, ал эки адамдан кооптуу болот. Эгер он адам болуп чогулса, анда беш адамдан коркунучтуу. 60 миң адам болуп чогулган бул өтө коркунучтуу. Илимпоз катары ушинтип сүйлөө мен үчүн ыңгайсыз, бирок бул ооруга вакцина табылганга чейин стадиондор ачылбайт деп 100 пайыз ишенем", - деп билдирген Бинн.

Эпидемиологдун айтымында, бет кап тагынып жүргөн адамдар өзүмдү коргойм деп ойлошот, бирок кол кап кийишпейт, андан кийин колун жуушпайт. Мындан тышкары стадиондо элдер кучакташат. Себеби спорттун эмоциясы көп. Эгер коопсуз аралык сакталып калса жакшы болмок, бирок иш жүзүндө колдонуу кыйынга турарын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vikidiki
2020-04-16 15:52:07
Кой ай, ушуну менен токтоп калса экен кудай жалгап!
0
ZUXRIDDIN20
2020-04-16 17:21:42
Урдум футболду. Азыр дүйнөнүн тагдыры кыл үстүндө турат. Футболсуз деле жашоо уланат берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан