Коронавирус пандемиясынан улам бир жыл кеч өткөрүлүп жаткан Токио-2020 жайкы Олимпиадасы катуу тартипте өтөт. Олимпиаданын катышуучуларын коргоо үчүн болгон аракеттер жумшалат. Бул тууралуу Япониянын Анкарадагы элчиси Судзуки Кадзухиро түрк басылмаларынын бирине берген маегинде билдирген.
"Япон өкмөтү бардык спортчу жана катышуучуларды белгиленген эрежелерге баш ийүүгө жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Япон өкмөтүнүн койгон талаптары толугу менен түшүнүктүү болду деп ишенем.
Спортчулар өз өлкөсүнөн чыгардан 96 саат мурун 2 жолу, аэропортко кирүү алдында, ошондой эле Японияда жүргөн ар бир күнү коронавируска каршы тест тапшыруулары керек. Мындай талаптар эл аралык Олимпиада комитети, Эл аралык Паралимпиада комитети, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана япон өкмөтүнүн биргелешип чыгарган жыйынтыгы болуп саналат.
Тилекке каршы, таймаштардын көпчүлүгү көрүүчүлөрсүз өтөт. Бирок биз түз алып берүү аркылуу спортчулардын мелдешин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз", - деген Кадзухиро.
Ошондой эле элчи пандемиядан улам Токио-2020 Олимпиадасын өткөрүү чечимин кабыл алуу оңойго турбаганын жана мындай чечим Олимпиада тарыхында биринчи жолу болуп жатканын кошумчалаган.