Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалал-Абад облусунда – 2;
Баткен облусунда – 2;
Ош облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 6 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медицина кызматкерлеринин жалпы саны: 3 миң 131. Алардын ичинен 2 миң 453 медкызматкер айыкты.