Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев маалымат жыйын берип жатат. Ал эми комендант Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча билдирди.
Анда 17-апрелде облус аймагында 29 кылмыш иши катталып, алардын ичинде өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.
"Бир суткада шаар жана райондук ички иштер башкармалыктарына 78 жаран жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды", - деди комендант.