"Индия экинчи орунга чыкты". Дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 27 миллиондон ашты

Бүгүн, 8-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 27 миллион 249 миң 308 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 213 миң 294 бейтап айыгып чыкса, 890 миң 971 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 300 миң 75 адамдан коронавирус аныкталды. 189 миң 182 адам каза болсо, 2 миллион 333 миң 551 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 204 миң 613 адамдан аныкталды. 71 миң 642 адам каза болсо, 3 миллион 250 миң 429 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 147 миң 794 адам вируска кабылган. 126 миң 960 бейтап көз жумса, 3 миллион 539 миң 100 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан