Өлкөдө март айынан бери пневмониядан 97 киши каза болду

Өлкөдө тапшырган анализинен COVID-19 тастыкталбаган, пневмония илдети менен жабыркагандардын жалпы саны 1 миң 971ди түзөт. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан бүгүн, 2-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, пневмония диагнозу коюлган бейтаптардын ичинен 1 миң 247си бүгүнкү күндө ооруканада жатат. Анын ичинен 337 бейтаптын абалы оор. Ал эми 112 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Пневмониядан айыккандар 627 болсо, тилекке каршы март айынан бери 97 бейтап кайтыш болду.

Ал эми өлкөдө коронавирус инфекциясынан каза болгондор 66га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2020-07-03 07:25:16
Ошондо коронавирус менен пневмониянын кандай өзгөчөлүктөрү бар түшүнбөдүм
0
altyn7776
2020-07-03 09:46:50
эки айда каза болот да ушунча адам. Анын эмнеси жанылык....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан