Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты: "Журналист менен сүйлөшүү башкача таризде болгон"

Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев маалымат жыйын беришти. Анда облус аймактарындагы акыркы абал тууралуу маалыматтар айтылды.

Арсланбек Сартпаев аттуу журналист өзүнүн жеке баракчасына жарыялаган пост боюнча комендантка суроо узатылды.

Анда журналист жеке баракчасына "Комендант Жеңиш Жоробеков жардамга муктаж элди "тилемчилер" деген губернаторду камаш керек!" деп айтты деген билдирүү жарыялап, пост кызуу талкууга алынган.

Мындан улам комендантка сиз чын эле Сартпаев менен сүйлөштүңүз беле же бул каралообу деген суроо узатылды.

"Ооба, бул боюнча журналист менен сүйлөшкөнүм чын. Бирок сүйлөшүү таптакыр башка таризде болгон. Ошон үчүн кээ бир учурда кыскартуу, монтаж жана бир аз туура эмес маалыматты чыгарып салыптыр. Бул боюнча дагы аны менен сүйлөштүк. Ал жерде чынында башкача маалымат болгон. Ал эми айтылгандар чындыкка дал келбейт", - деп жооп узатты Жоробеков.

Эске салсак, 14-апрелдеги онлайн жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов калктын жакыр эмес жашаган катмары жардам сурап кайрылганы туура эмес экенин билдирген. Атүгүл ал бул кадамды тилемчиликке теңегени коомчулуктун кебине алынып, сынга кабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан