Сайпе каймана аты менен белгилүү сүрөтчү Гийом Легро Швейцариядагы Альпы тоолоруна изоляцияга арналган сүрөт тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Франция-швейцариялык сүрөтчү Сайпе Швейцариядагы Альпы тоолорундагы сүрөтүн социалдык баракчасына жарыялаган. Сүрөттүн жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Сайпенин жаңы эмгеги "Кризистен сырткары" деп аталып, атайын сиңип кетүүчү боёк менен чөпкө тартылган. Анда алысты карап отурган кыз жана жанында ал сүрөт тарткан карандаштар чагылдырылат. Бул эмгеги менен ал изоляцияда отурган адамдардын көңүлүн көтөргүсү келген. "Пандемия учурунда баарыбыз чектелип калдык. Биз жашоодо ар кандай кыйынчылык, сыноолорго туш болобуз. Андыктан үйүмдүн жанында тарткан "Кризистен сырткары" деген аталыштагы сүрөтүм аркылуу сиздерге оптимисттик маанай жана тоодогудай таза аба тартуулагым келди", - деген сүрөтчү.