Москвада 10 миң кыргыз жумушсуз жана акчасыз калганы маалымдалды

Орусиядагы "РОД" укук коргоо борбору Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргыз өлкөсүнөн барган 10 миң мигрант жумушсуз жана акчасыз калганын жазды. Бул тууралуу аталган борбор "Миграцияны өнүктүрүү" фондуна таянуу менен жазган.

"Мигранттар массалык түрдө ижара акысы арзан болгон хостелдерге жайгаша башташты" деп жазылат анда. Ага ылайык, "Миграцияны өнүктүрүү" фонду 1 миң 100 мекендештерге гана жардам бере алган.

"Мындан улам мекеменин жетекчиси Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековго Орусиянын борборунда жана ага жакын аймактарда жүргөн жарандарга жардам керек экенин айтып, кайрылууга аргасыз болду", - деп жазат "РОД" укук коргоо борбору.

Учурда Орусияда 700 миңден ашык Кыргыз жараны бар, расмий эмес маалыматтар боюнча миллионго да жетиши мүмкүн экени кошумчаланат анда. Жыл башынан бери андагы мигранттар 313 миллион доллар каражатты мекенине жөнөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sakura715
2020-04-17 17:46:56
Менимче млндон деле ашса керек,Бишкекке караганда Москвада көбүрөөк кыргыз көрдүм эмнегедир.
+9
munduz2016
2020-04-17 17:56:32
Sakura715,туура,жумушка жарамдуунун 80%и четте жүрөт жаңылбасам
+7
bek-94
2020-04-17 17:55:01
10мин азго
+4
akmanai
2020-04-17 21:13:32
bek-94,Жардамга муктажы он мин болсо керек да. Калгандары оздорун каржылап жатышкандыр.
+3
Islambek123
2020-04-17 19:02:28
Шеф эмне дептир анан?
+4
Glucke
2020-04-17 19:12:07
Турцияда алып келгендер коро Россиядагы мекендештерди алып келсе жакшы болмок бир чети. Турцияда ачка калбайсын,азык-тулук арзан анан кун да жылуу эмне болсо да. Бир чети мусулман жана турк калктарынын бири болгондуктан айрым адамдары ынсаптуу жана меймандос келишет, тааныш кыргыз студенттерге 1 комнатамда бекер эле жашап тур же 2,3 ай кварплат бербей эле тур дегендер бар экен.
+5
bond0202
2020-04-17 19:25:38
бул кундор да отот.сабыр кылышыбыз керек
+1
Mamiev
2020-04-17 19:42:50
Он миң көп эмеспи беш миң дегиле. Билесиңер Москвада миллионго чукул Кыргыз жарандары барбыз. Апрелде карантин бүтсө экен деп турабыз эгер дагы узартса точна кыйналабыз
+1
Zhoro
2020-04-18 00:07:16
Мекенге кеткенге шарт тузсун суйлошуулорду жургузуп,жатабыз жумуш жок, уйдо жаткан жакшыго батир акы ж.б жок
+2
KAYRATBEK
2020-04-18 14:22:57
Туугандар олумуштонгонду, сындаганды токтотуп иштегиле. Иш жок дейсинерби? БОЛБОГОН КЕП. Иштейм дегендер ач калбай кочодо калбай бир сонун болуп иштеп журушот. Карантинге карабай. БИЗ БОЛГОНУ ЖАЛКООБУЗ. Карантин деп коюп жата берсек, акча келе берсе,курсагыбыз озунон озу тойо берсе, жатып алып мамлекетти сындай берсек э. Ач калдык кеч калдык деген олумуштордун баарынын акчасы,иши бар. Болгону жатып алып жазып коюштуда.
-1
ilgizk
2020-04-18 16:30:30
KAYRATBEK,кичине ойлонуп жазчы баш барбы сенде,үйүнөн беш метр жерге чыгып кирип билбеген нерсени бул жерге жазбай эле кой.
Кыйналгандар бар жок эмес,бирок 10 миң эмес.

Анан иштебейсинерби дейсинда э ,көчөгө чыксаң штраф салат аны эмне сен төлөйсүңбү а .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан