Акыркы бир сутка ичинде 2 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, каза болгондордун ичинен бирөө Бишкек шаарында катталса, дагы бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 770 адам коронавирустан каза болду.