Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаарында – 4;
Ош шаарында – 1;
Нарын облусунда – 6;
Ош облусунда – 1.
Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлер 362. Алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.