Стамбулдан учуп келген мекендештер перрондо тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү (фото)

Бүгүн, 17-апрелде Стамбулдан учуп келген 212 жаран "Манас" эл аралык аэропорттун перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик каттамды тосуп алышты. Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, чартердик каттам менен Стамбулдан учуп келген 212 жаран "Ак кеме" мейманканасында жайгашкан обсервацияга жаткырылат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Glucke
2020-04-17 17:13:23
Жонокой мигранттарды алып келген го деп ойлосо Стамбулдан андай эмес тура. Турциядагы КР Элчилигинин расмий жана социалдык баракчасында чартердик рейстин эч кандай так датасы жана баасы жарыяланган эмес. Демек, чиновниктердин тааныш-билиш,жакындары келген. Анталья, Стамбулдагы тааныштарымдан сурап чыктым, алардын чартердик рейс тууралуу маалыматы болгон эмес. Окунучтуу...
+5
Adil18
2020-04-17 17:21:33
Glucke
Болушу мумкун.
Суроту менен деп жазып коюшуптур.
Самолет,залдын гана суроту турат го.
Келген адамдарды суротко тартпаганына караганда сиз айткандай болушу мумкун.
+5
ZUXRIDDIN20
2020-04-17 17:36:26
Adil18, Түркия Пандемия менен жакшы күрөшүп жатат. Мигрантар учу Түркия ыңгайлуу коопсуз болсо керек менимче.
Бугун келгендер аман болушсун эми вирус чыкпасын
-2
white_angel
2020-04-18 12:06:21
Башка булактарды окусанар, лечениеге барган, транзитный зонада калгандарды алып келишти. Видеолору менен журот ко, жонокой эле жарандар. Созсуз мигранттарды эле алып келиши керекпи? Ушуга да шугур кылып турсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан